Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Ооганстанда полициянын машыгуу борборуна кол салуу болду


Ооганстандын түштүк-чыгышында жанкечти жана куралдуу бир нече киши полициянын машыгуу борборуна кол салды.

Бүгүн эртең менен болгон теракт үчүн жоопкерчиликти Талибан өзүнө алды. Ички иштер министрлиги окуя Пактия чөлкөмүндөгү Гардиз борборунда болгонун маалымдады.

Жанкечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жибергенден көп өтпөй куралчан адамдар комплекске чабуул койгон. Чөлкөмдүн жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Алла Мир Байрамдын айтымында, борбордон сырткары полиция баш кеңсесинин жанында да бомба жарылды.

Азырынча канча киши набыт кеткени кабарлана элек. Кол салган жоочулар менен коопсуздук күчтөрү ортосундагы аткылашуу уланууда.

XS
SM
MD
LG