Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Түркиялык мектептин директору Пакистандан депортацияланды


Пакистандагы ПакТүрк мектебинин окуучулары. 2016-жыл
Пакистандагы ПакТүрк мектебинин окуучулары. 2016-жыл

Түркиянын ПакТүрк деген менчик мектептеринин мурдагы директору үй-бүлөсү менен кошо Пакистандан депортацияланды.

Бул тууралуу анын кесиптештери жана адвокаты билдирди. Месут Качмаз, жубайы жана кыздары менен сентябрда Лахор шаарында кармалган. Пакистан өкмөтүнүн атын атабаган расмий өкүлү директордун үй-бүлөсү өткөн ишембиде түрк өкмөтү жөнөткөн атайын учак менен Исламабаддан учуп кеткенин Рейтер агенттигине айтып берди.

Анкара бийликтери ПакТүрк мектептеринин АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен менен байланышы бар деп айтып келет. Гүленди түрк өкмөтү былтыр ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн айыптаганы менен ал өзү дооматтарды четке кагууда. Окуу жайдын жетекчилиги болсо диниятчыга эч кандай тиешеси жоктугун айтууда.

XS
SM
MD
LG