Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Казак министри Кыргызстандын ЕАЭБге кайрылуусуна комментарий берди


Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейменов чек арадагы кырдаалды саясатташтырбоого чакырды.

“Ар бир өлкөнүн экономикалык жана башка кызыкчылыктарын коргоо муктаждыгы чыкса, ички чара көрүүгө акысы бар деп ойлойм", - деди министр.

Анын сөздөрүн Tengrinews сайты мисал келтирет. Сулейменовдун айтымында, Казакстан Евразия экономикалык комиссиясынын принциптерин бузууда деген айыптоолор негизсиз. “Биз өлкө мыйзамдарына таянып иш алып баруудабыз. Биримдиктин алкагында алынган мидеттенмелерди аткаруудабыз. Ар бир өлкөнүн Евразия экономикалык кеңешине кайрылууга укугу бар... Комиссиянын өкмөттөр аралык кеңеши боюнча чечимине бир тарап макул болбосо, ал кабыл алынбайт", - деди министр.

16-октябрда Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразия экономикалык кеңешине кайрылып, Казакстандын чек арадагы текшерүү режимин күчөткөнү ишкерлерди жана жүк ташуучуларды кыйнады деп даттанган. "Мындай чара биримдиктин принциптерине каршы келүүдө жана интеграция максатына кедергесин тийгизүүдө" деп билдирген Кыргызстандын экономика министрлиги.

XS
SM
MD
LG