Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Орусияда кыргызстандык “телефон терроризмине” шектелип кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу kommersant.ru басылмасы Орусия Федерациясынын Удмуртия республикасынын соттук бирикмесинин маалымат кызматына таянып жазып чыкты.

Билдирүүдө айтылгандай, 13-октябрда Удмуртиянын Глазов райондук ооруканасына белгисиз адам телефон чалып, тез жардам кызматынын имаратында жарылуучу зат коюлганын кабарлаган. Натыйжада имараттан 200дөй адам эвакуацияланган, күч кызматтары мекемеден жарылуучу затты табышкан эмес. Ошол эле күнү кечинде бул окуяга шектелип Глазов – Балезин жолунда бараткан жеринен 25 жаштагы кыргызстандык кармалган.

Удмуртиянын соттук бирикмеси кабарлагандай, Глазов райондук сотунда Кыргызстан жаранынын баш коргоо чарасы каралып, 30 күнгө камакка алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG