Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Өзбекстан президенти Рамзан Кадыров менен жолугушту


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен чечен лидери Рамзан Кадыров. Ташкент, 17-октябрь, 2017-жыл
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен чечен лидери Рамзан Кадыров. Ташкент, 17-октябрь, 2017-жыл

Ташкентте Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев чечен лидери Рамзан Кадыров менен жолугушту. Мирзиёевдин администрациясы билдиргендей, тараптар соода, экономикалык жана маданий байланыштарды талкуулашты.

Кадыров Орусиянын аймактагы жетекчилеринин арасынан чет өлкөлүк лидерлер менен эң көп жолугушуп жүрөт. Укук коргоочу уюмдар чечен лидеринин коркутуп-үркүтүү, зордукчул ыкмаларын сындашканы менен Кремл ага саясий жана каржылык колдоо көрсөтүп келет.

Мирзиёев менен кездешүүгө чейин Кадыров диниятчы Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун мүрзөсүнө барып кетти. Диниятчы Кадыровдун атасы, маркум Ахмад Кадыровду окуткан.

Өзбекстанга чейин чечен президенти Беларуска барган.

XS
SM
MD
LG