Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Тажикстанда ЛГБТ өкүлдөрү каттоого алынды


Тажикстанда ИИМ менен Башкы прокуратура жүргүзгөн атайын операциядан кийин 370тей сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн тизмеси түзүлдү.

Маалыматтарга караганда, мындай тизмеде 319 эркек жана 48 аял бар. Башкы прокуратурага таандык “Мыйзамдуулук” журналы алардын сексуалдык азчылыктарга таандык экени аныкталганын жазды.

Бул арада укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар алар өнөктөштөрүн бат которуп, ВИЧ - инфекциясын жуктуруу коркунучу жогору болгондуктан каттоого алынышканын маалымдады.

Тажикстан кумсалык мамилелерди 1998-жылы декриминалдаштырган, бирок сексуалдык азчылыктар коомчулук арасында кодуланып келет.

2015-жылы СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд Тажикстанда кумсалардын саны 30 миңди түзөрүн билдирген. ИИМ бул маалыматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG