Бүгүн Жогорку Кеңеште “Республика – Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Зарылбек Рысалиев ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Зарылбек Рысалиев "Республика-Ата-Журт" фракциясынын "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасына жетекчи болуп дайындалган мүчөсү Нургазы Нишановдун ордуна келди.
Зарылбек Рысалиев мурда ички иштер министри болгон жана Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен катышып, айрым талапкерлердин тизмеден "күчтөп" чыгарылганына байланыштуу, 66-орундан 25-орунга жылган.
Зарылбек Рысалиев ички иштер министри болуп турган учурда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди мародерчулук боюнча айыптап чыккан.
Кыргызстандык кылмыш төбөлү, 16 жылга кесилген Азиз Батукаев Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган учурда, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.(KE)