Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Ошто “Энелердин көз жашы” эстелигин булгап кетишти


Монумент эскерүү иш-чарасында жана булгап кеткенден кийинки көрүнүштөр.
Монумент эскерүү иш-чарасында жана булгап кеткенден кийинки көрүнүштөр.

Бул тууралуу Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынынын маалымат катчысы Иманбек Советбеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында калаадагы “Энелердин көз жашы” монументалдык эстелигинин бооруна белгисиз адамдар аты-жөнүн, электрондук даректерин жана инстаграм баракчаларындагы аккаунттарын маркер менен жазып кеткен. Алар ошондой эле июнь окуясында каза болгондордун ысымдары жазылган бешик айкелин да булгап, сүрөттөрдү чиймелеп салышкан

Муниципалдык жашылдандыруу мекемеси монументти булгагандарды көргөн-билгендерден жана жазылган электрондук даректер аркылуу издеп жатканын, бирок жазуулар так болбогондуктан табуу кыйын болгонун билдирүүдө. Советбеков бул аймакта камера да жок болгондуктан айыпкерлерди табуу кыйын болорун, бирок кармалса милицияга өткөрүлөрүн айтты.

Ош шаарынын борбордук аянтынын жакасында жайгашкан "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплекси 2010-жылкы июнь окуясында набыт болгондорго жана дайынсыз жоголгондорго арналып 2011-жылы курулган. Анда жакындарынан ажырап, аза күтүп кучакташып турган кыргыз жана өзбек аялдардын образы чегилген.

Буга чейин Ош шаарындагы I love Osh деп аталган инсталляцияны да белгисиз адамдар эки-үч жолу бузуп кеткен. Бишкек шаарында Жаштар аллеясындагы "Көз айнек. Көз караш" инсталляциясын да бирөөлөр үч-төрт жолу сындырып, кайра оңдолгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG