Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Ооганстанда Талибандын согушкерлери жок кылынды


Жанкечтинин чабуулунда жараат алгандарды ооруканага алып келишүүдө. Пактика провинциясы, 17-октябрь, 2017-жыл.
Жанкечтинин чабуулунда жараат алгандарды ооруканага алып келишүүдө. Пактика провинциясы, 17-октябрь, 2017-жыл.

Пакистандык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, америкалык дрондордон ракеталык сокку Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы чек ара аймагында 17-октябрда жасалган.

Андан кеминде Талибандын 11 согушкери, анын ичинде колбашчылары да жок кылынган. Ага чейин да дрондордон бир күн мурда жасалган соккудан кеминде 20 жоочу мерт болгон эле.

Ал эми Талибандын өзүндөгү булактар Рейтер агенттигине эки күнкү аба соккулардан Пакистанда жайгашкан жана Талибан менен өнөктөш Хаккани экстремисттик кыймылынын 24 мүчөсү, анын ичинде айрым кол башчылары мерт болгонун маалымдашкан.

Ооган расмий өкүлдөрү Ассошиэйтед пресс агенттигине 17-октябрдагы аба соккулардан Талибандын 35 согушкери, анын ичинде пакистандык талиптердин колбашчыларынын бири Абу Бакр өлгөнүн билдиришти.

Акыркы аба соккулар Талибандын жанкечтилери 17-октябрдагы бомба жардыруулардан 74 кишини мерт кылгандан кийин жасалды. Бомба чабуулдардын курмандыктарынын көбү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пактика жана Газни провинцияларында болду. (UE)

XS
SM
MD
LG