Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалды талкулоо үчүн бүгүн, 18-октябрда жумушчу сапар менен Астанага барат.
Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу “Азаттык” радиосуна ырастады. Маалыматка караганда, жумушчу сапар тууралуу макулдашуу 17-октябрда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилди.
10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Мөмө-жемиш ташып бараткан ишкерлер товарлары эскирип, чыгым тартканын билдирип жатышат.
17-октябрда кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген. (КЕ)