Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Аба ырайы: чукул билдирүү


Күз, Ош
Күз, Ош

18-октябрда күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 19-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт.

Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жамгыр карга айланып, тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;

Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

19-октябрда Бишкек шаарында түнксүн жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4, күндүзгү жогорку температурасы 8…10 градус жылуу болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG