Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Премьер-министр Сапар Исаков Астанага учуп кетти


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалды талкулоо үчүн бүгүн жумушчу сапар менен Казакстанга учуп кетти. Бул кабарды өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу “Азаттык” радиосуна ырастады.

Маалыматка караганда, жумушчу сапар тууралуу макулдашуу 17-октябрда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилди.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Мөмө-жемиш ташып бараткан ишкерлер товарлары эскирип, чыгым тартканын билдирип жатышат. Борбор Азиядагы ири “Дордой” базарынын профсоюзунун жетекчиси Дамира Дөөталиева соңку жумада соода кескин кыскарганын “Азаттыкка” кабарлады.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG