Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

“Иска строй” компаниясынын жетекчиси камакта калды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек шаардык соту “Иска строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариевди эки айга тергөө абагына камоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сот иши 18-октябрда каралып, Сариевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.

Нарынбек Сариев компаниянын жалгыз директору экенин айтып, аны камакка алуу курулуш иштерин илгерилетпестигин сотко билдирди. Прокурор Алтынай Шаршеева Сариевге козголгон иш оор кылмышка киргендиктен аны үй камагына чыгарганда качып кетиши ыктымал экенин белгиледи.

“Иска строй” курулуш компаниясы 2010-жылдан бери Бишкектеги үч көп кабаттуу үйгө үлүшчүлөрдү топтоп, алардан 20 миңден 50 миң долларга чейин акча чогултуп алган. 600гө чукул үлүшчү 2012-жылы эле үйдүн ачкычын алмак. Бирок курулуш иштери ушул күнгө чейин бүтө элек.

Нарынбек Сариевге прокуратура Кылмыш кодексинин 166-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) жана 335-беренеси (камакка алынган же болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер) боюнча иш козгогон. (SDz)

XS
SM
MD
LG