Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Баткенде кыпчактардын дүйнөлүк курултайы өтөт


Кыпчактардын курултайына даярдык учуру
Кыпчактардын курултайына даярдык учуру

Кыпчактардын дүйнөлүк экинчи курултайы деп аталган жыйын Баткен шаарында 20-22-октябрда өтөт. Бул тууралуу курултайдын уюштуруу тобунун башчысы Хайит Айкынов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыйын Кыргызстандын ичинде жана чет жакта жашаган кыпчактар бири-бири менен таанышуу жана кыргыз элин ынтымакка чакыруу максатын көздөйт. Курултайга өлкө ичинде, Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыпчактардын өкүлдөрүнөн 400дөй адам катышат. Булардан сырткары Орусияда, Египетте, Молдавияда жана Венгрияда жашаган кыпчактардын өкүлдөрү келиши күтүлүүдө.

Жыйында кыпчак уруусу жөнүндө даректүү тасма жана кыпчак уруусунун көрүнүктүү өкүлү Алымкул аталык жөнүндө пьеса көрсөтүлөт. Андан сырткары кыпчак уруусунун тарыхы докладдар, изилдөөлөр окулуп, талкуулар жүрөт. Кыпчактардын дүйнөлүк биринчи курултайы 2016-жылы Жалал-Абад шаарында өткөн.

Курултай жөнүндө кулактандыруу жарыяланары менен социалдык тармактарда муну бөлүнүүчүлүк катары сынга алгандар да болду. Айрымдар буга чейин Баткенде кээ бир жарандар паспортуна улутун кыпчак деп көрсөтүп, ызы-чуу болгонун да эскертишти.

Кыргызстанда уруу-уруулардын жыйындары, курултайлары маал-маалы менен өткөрүлүп турат. Буга чейин Чоң-Алайда найман уруусунун курултайын өткөрүүгө райондук администрация тыюу салып койгон учур катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG