Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Кыргыз-казак чек арасынан өтүү артыкчылыктуу тартипте жүрөт


Кыргыз-казак чек арасы. 16-октябрь, 2017-жыл
Кыргыз-казак чек арасы. 16-октябрь, 2017-жыл

19-октябрдын алгачкы мүнөттөрүнөн тартып, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара бекеттеринде бул тартип ишке киргизилди.

- жөө адамдар
- эл ташыган автоунаалар
- жеңил автоунаалар
- бош жүк ташуучу автоунаалар киргизилет.

Мындай макулдашуу кыргыз-казак премьер-министрлеринин жолугушуусунда жетишилгенин кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Эсенгуловдун маалыматы боюнча, эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министрлердин жетекчилиги менен жумушчу топ түзүү макулдашылды. Ал топко беш күн ичинде биргелешкен Жол картасын иштеп чыгуу тапшырылды. Жол картасы кабыл алынгандан кийин, тараптар андагы келишимдерди аткарууга милдеттүү болот.

Өкмөт башчылардын жолугушуусу Кыргызстандын демилгеси менен болду.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG