Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

Сагинтаев: Кыргызстан ЕАЭБ талаптарын аткарбай жатат

Бул маселе кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусунда каралганын казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө айтты:

- Мисалы, биздин бажы органдары кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын аныкташууда. Мындан Казакстандын экономикасы түздөн түз чыгымга учурап жатат. Бул маселени кыргыз тарап да моюнуна алды, премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын ЕАЭБ алдындагы милдеттенмелерин так аткарууга жана биримдиктин экономикалык кызыкчылыктарын сактоого байланышкан бул маселени чечүүгө кепилдик берди.

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусу 18-октябрда Кыргызстан тараптын демилгеси менен болду. 

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Текшерүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандан Казакстанга багытталган 250 тоннага жакын жашылча-жемиштер "талапка жооп бербейт" деген жүйө менен артка кайтарылган.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG