Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Бул күнгө карата салтанаттуу жыйын Бишкекте Улуттук филармонияда өтөт.

Социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен президенттик жана өкмөттүк аппарат башчылары, кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү жана Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова, Социалдык фонддун жетекчиси Теңизбек Абжапаров куттукташат.

Кыргызстанда социалдык кызматкерлер мамлекеттик бюджеттен аз айлык алгандардын катарында. 2013-жылы президент Атамбаевдин буйругу менен социалдык кызматкерлердин айлык акысы эки эсе көтөрүлүп, учурда он миң сомдун айланасында.

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жалпы өлкө боюнча миңге жетпеген социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган карыяларга, майыптарга, майып балдарга жана оор акыбалда жашаган үй-бүлөлөргө каралашат. Бир кызматкер жумасына 12-14 адамды тейлейт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG