Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:40

Рыспаев “Кыргызалтындын” ишин парламентте кароону сунуштады


Макмал
Макмал

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмал" алтын кенинин абалына токтолуп, кытай инвесторуна тоскоолдук болуп жатканын белгиледи.

- Кытай инвесторлору алтын фабрикасын куруп жатат, бирок биз жактан тоскоолдуктар болууда. Мен "Макмалга" барып келдим. Инвестор дейбиз өзү келип куруп жаткандарга жардам бере албай, бут тосуп жатабыз. Муну көзөмөлгө алуу керек. “Кыргызалтын” ишканасы “Макмал” токтойт, кен түгөндү деп айтып атат. Тогузторолуктардын абалы кандай болот? Бир ошол заводду карап отурушат. Заводдун абалы начар. “Кыргызалтын” эмне иш кылып жатат комитетте кеңири карасак. “Макмал” токтосо кандай иш- чаралар болот?

"Макмал" алтын комбинаты 1986-жылы ачылган. Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, азыр бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган. Тогуз-Торонун бюджетинин 95% ишканадагы ар кандай которуулар жана салыктан түшкөн каражаттан түзүлөт.

19 миңден ашуун калк жашаган Тогуз-Торо району жалгыз "Макмал" алтын комбинатына көз каранды. Алтын кен ачылгандан тарта ушул күнгө чейин ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден киши ал жерде иштеген. Учурунда үч миңге жакын жумушчу иштеп, айына 180ден 250 килограммга чейин алтын өндүрүп турган. Азыр ал көрсөткүч кескин өзгөрүп 30-40 килограммга түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG