Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Канат Исаевдин соту 23-октябрга жылды


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канат Исаевдин ишин кароону 23-октябрга жылдырды.

Буга күбөлөрдүн келбей калганы себеп болгонун айыпталуучунун агасы Талант Исаев “Азаттыкка” ырастады. Мындан сырткары депутатты жактоого жаңы адвокат Чынара Жакупбекова киришип, ал 24 томдук иш менен таанышып чыгууга бир айлык мөөнөт сурады. Судья Абдыразак Боромбаев аны канааттандырган жок.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Исаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш иш козгогону быйыл май айында белгилүү болгон.

Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда.

Ал өзүнө козголгон иш негизсиз деген пикирин айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG