Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Арипов: Жээнбековдун инаугурациясы декабрда болушу мүмкүн


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндөн бир айга чейинки убакытта чыгарышы керек. Бул ноябрдын биринчи жумасына туура келет.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна БШК мүчөсү Назарали Арипов кабарлады. Анын айтымында, жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи декбарь айына туш келиши ыктымал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.

Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат.

Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 2011-жылы 1-декбарда болгон. Юристтер жаңы шайланган мамлекет башчы дагы ушул мөөнөттөн кеч калбай ишке киришүүсү керектигин белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG