Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кандагардагы кол салуудан 25 аскер окко учту


Кандагар
Кандагар

Ооганстандын Кандагар чөлкөмүндө талиптер аскерий лагерге чабуул коюшту.

Расмий маалымат боюнча аз дегенде 25 жоокер набыт кетти, 20 чактысы жарадар болду. Жанкечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жибергенден кийин куралчан согушкерлер лагерге кирип барууга жүткүнгөн. Бирок аскерлерге кошумча күч жардамга келип, талиптер ал жайды өз колуна алышкан жок.

Коргоо министрлиги кол салуу болгонун бышыктап, бирок жоготуулар тууралуу маалыматты комментарийлеген жок. Талибан чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. 2014-жылы НАТОнун көпчүлүк контингенти Ооганстандан чыгарылгандан бери өкмөттүк армия жана полицияга кол салуу көбөйдү.

XS
SM
MD
LG