Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Пакистанда моделдин өлүмүнө шектелген диниятчы кармалды


Пакистан полициясы модел Кандел Балочту өлтүрүүгө тиешеси бар деген шек менен ислам диниятчысын кармады.

Социалдык тармактарда сүрөттөрүн коюп таанылган аялды Мултан шаарындагы үйүндө муунтуп кетишкен. Анын алдында ал муфтий Абдул Кави менен сүрөттөрүн жайгаштырган. Маркумдун агасы Мухаммад Васим кылмыш жасаганын моюнга алган. Ушу тапта анын соту өтүп жатат. Жергиликтүү полициянын өкүлү диниятчы Кави шаардан качууга аракеттенген жеринен кармалганын айтып берди.

Пакистанда үй-бүлөнүн намысына шек келтирди деп кыз-келиндерди өлтүрүү учурлары жылына жүздөп саналат.

Былтыр октябрда мыйзам чыгаруучулар ушундай кылмыш үчүн жазаны катуулатуу жобосун жактырышкан.

XS
SM
MD
LG