Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Таш бараңга алынган кыз-келиндер


Пакистандык кыз (Иллюстрация)
Пакистандык кыз (Иллюстрация)

Пакистандын уруучул башкаруу өкүм сүргөн Хайбер районунда 12 жаштагы кызды өз үй-бүлөсү өлтүрүп койгону кабарланды.

Буга кыздын турмуш куруу максатында айылдаш бала менен качып кеткени себеп болушу мүмкүндүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Азаттыктын" Пакистан кызматына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ходахел айылынын тургуну делген Нагма аттуу кыз бир апта мурда үйдөн качып кеткен. Жергиликтүү полиция аны кармап, үй-бүлөсүнөн кыздын өмүрүнө коркунуч жаралбайт деген кепилдик алгандан кийин үйүнө жеткирип беришкен.

"Кыз 23-июнда үйдөн чыгып кеткен. 27-июнда өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Биз кыздын атасынын бир тууганын жана дагы бир кишини кармадык",-деп билдирди Хайбер районунун жергиликтүү бийлигинин өкүлү Нияз Мухаммад.

Пакистанда "намыс үчүн" кыздарды өлтүрүү көрүнүшү көп катталат. Өткөн жылы модель жана социалдык тармактардын таанымал колдонуучусу Кандел Балочту интернетке жарыялаган видеолору үчүн өз байкеси өлтүрүп койгон.

Кандел Балоч
Кандел Балоч

Пакистандык модел жана таанымал блогер, 26 жаштагы Кандел Балочтун азан чакырып коюлган аты - Фузия Азим болчу. Ал Фейсбукта абдан активдүү эле.

Кандел Балочтун күн сайын жазган куш тилиндей ойлорун же кайсы бир нерсеге, окуяга байланыштуу пикирин Фейсбукта бөлүшкөн 800 миңге чукул окурманы жана Твиттерде 40 миң күйөрманы бар эле.

Интернет ааламында мынча күйөрмандуу болуу үчүн ширелүү да, данектүү да, башкалар кызыккандай да жазуу, элден бөлөкчө ойлорду айта билүү керек. Же улуу-кичүүнү кызыктырган видео жана фотолорду жарыялап туруу абзел. Мунун баары жеңи чолок жана жакасыз көйнөк кийип, чачын эркин тараган Кандел Балочтун колунан келчү.

Балоч өлөрүнөн бир нече күн илгери өлкөдөгү белгилүү диниятчылардын бири менен чылым тартып турган сүрөттөрүн жарыялаган. Анын көпчүлүк пакистандык келин-кыздарга окшобой, өз дүйнө таанымын, өзүнүн эстетикалык табитин жалпыга жараян кылып, жылдыздай жанып жүргөнү консервативдүү эскичил чөйрөдө тарбияланып чоңойгон бир тууганы Уасим Азимге жаккан эмес.

Уасим Азим
Уасим Азим

Уасим Азим карындашынын берегидей жүрүм-турумун адепсиздик деп баалап, ата-энесинин үйүндө тындым кылган жана полицияга “үй-бүлөсүн шермендечиликтен коргоо үчүн”, “ариет-намыс үчүн” ушуга барганын айткан. Андан журналисттер: ”Сенде кандайдыр бир өкүнүч барбы?” деп сураганда, “Эч кандай өкүнүчүм жок” деп жооп берген.

Кандел Балочтун кайгыга баткан апасы кызын өлтүрүүгө түрткөн деп муфтий Абдул Кавини жана мурдагы күйөөсүн күнөөлөгөн.

Ал эми дубайлык өнөрпоз-куудул Жунайид Акрам Балочтун өлүмүнөн кийин пакистандык эркектерге кайрылып: "Бул коомдо ариет-намыс эмне үчүн аялдардын бутунун ортосунан орун алганын мен түшүнбөйм. Эркектер бардык жамандыкты жасай берсе болот экен, бирок аялдар социалдык нормадан чыгып кетсе, каны менен жооп берет”, - деп Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ооганстанда да ушул көрүнүш

Бул сыяктуу “ариет-намыс” коргойбуз деп же салт менен динге сыйбаган иш жасады деп аялдарга кол салуу Пакистанга коңшулаш Ооганстан үчүн да болуп жүргөн окуя.

Кандел Балоч өлтүрүлгөн жумада коңшулаш Ооганстандын алыскы Гора провинциясында да 14 жаштагы келин Зара Мухаммед да бейажал өлгөн.

Зара 11 жашка чыкканда экинчи аял алмак болгон атасы кызын калыңга деп атап коёт жана эки жылдан кийин шартка ылайык кудаларыныкына жеткирип берет. Кыздын атасы Мухаммад Азамдын сөзүнө караганда, боюнда бар Зара апийим талаасында иштегенден баш тарткандан кийин кайындары келинди сабап туруп, бензин чачып өрттөп жиберген.

Маалыматтарга караганда, Заранын боюнда төрт айлык баласы болгон. Бирок күйөө баланын туугандары Зара өзүн өзү өрттөп жиберген деп ырасташууда жана Зара келин болуп келгенде “шаардык болуп, салттан чыгып кеткен” дешет. Көрсө Зара салт деп, эркектердин айтканы менен болгон жана ур-токмогуна “кыңк” дебей чыдаган аялдарга окшобой, өз оюн тайманбай айтып, адамдык насилин коргочу экен.

Оогандык кыз-келиндер
Оогандык кыз-келиндер

Мухаммед Азам кызынын азаптуу өлүмүнө сыздап, бийликтен адилеттик издеп жатканда, анын туугандары өз жамаатынын абийирин сактап калуу үчүн Заранын жашын улуу кылып айтып, ал салтка ылайык күйөөгө берилген деп, окуяны элге шардана кылбай жапканга аракет кылышкан. Ооганстандын мыйзамына ылайык, кыздар 16 жашка толгондо күйөөгө чыкса болот.

Мухаммед Азамдын Ажы Абдул Калык деген жакын тууганынан полициянын тергөөчүсү "11 жаштагы кыз өз тагдырын өзү чече алабы?" деп сураганда, “Эмнеге муну менден сурайсың. Пайгамбардан сура” деп жооп берген. Ушинтип шариятка шилтеп, аялдар менен кыз-келиндерди адепсиздик кылды деп, уруп-сабоо жана кол салууларды токтотуу үчүн ооган өкмөтү акыркы жылдары адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын кысымы астында бир катар аракеттерди көрдү. Бирок борбордук бийликтин аракети жер-жерлерде жана коомчулукта кенен колдоо таппагандыктан, салтка жана динге жамынып, “өзүн сот жана бий” түшүнгөн күнөөкөрлөр менен чоң муштумдар көп учурда жазасыз калат.

Жогорудагы окуялар, равалпинидилик серепчи, доктор Фараз Талаттын сөзү менен айтканда, береги кыз-келиндер алар үчүн коом жасап койгон кутуга батпай, өз табияттарына ылайыктуу мейкиндик издегени үчүн өмүрү менен жооп беришкенин күбөлөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG