Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Балочтун өлүмү мыйзамгерлерди козгоду


Пакистан парламентинин биргелешкен комитети “ар-намысты коргоо үчүн” деген шылтоо менен кыз-келиндерди кордоп, өлтүргөнгө чейин барган кол салууларга бөгөт коюуну көздөгөн мыйзам долбоорун бир добуштан колдоду.

Демилгечилер эгер мыйзам иштей баштаса калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул өлкөдө аялдардын жыл сайын жүздөп катталган бейажал өлүмү токтойт деп үмүттөнөт.

Жаңы мыйзам долбоору өткөн аптада белгилүү модель жана блогер Кандел Балочту бир тууганы “үй-бүлөнүн ариет-намысына шек тийгизди”, деп муунтуп өлтүрүп салгандан көп өтпөй иштелип чыкты.

Пакистандык кыз-келиндердин укугун коргоо менен алектенген түрдүү топтор жана уюмдар, активисттер жана саясатчылар бул маселени көз жаздымда калтырбай, чечкиндүү чара көрүү керек экенин өкмөткө көптөн бери айтып келаткан.

Кандел Балочтун өлүмүнөн кийин бул талап ого бетер күчөп, бийликтин аялдардын укугун коргоо боюнча ишинин күчөтүлүшүн шарттаган мыйзам иштелип чыгып, парламенттик комитеттин талкуусуна коюлду.

Мыйзам долбоору алдыдагы бир нече апта ичинде жалпы парламенттин кароосуна чыгарылып, добушка коюлушу керек.

Бир тууганынын колунан өлгөн Кандел Балоч
Бир тууганынын колунан өлгөн Кандел Балоч

16-июлда өз үйүндө, бир тууган инисинин колунан ажал тапкан Кандел Балоч интернеттеги социалдык тармактарда, жергиликтүү телеберүүлөрдө өтө популярдуу болчу. Ал Фейсбуктагы 800 миңдей жана Твиттердеги 40 миңге жакын окурманы менен күн сайын пикир алмашып, ойлорун ортого салып, кайсы бир нерсеге, окуяга байланыштуу пикирин ачык жазып турчу.

Айрымдар америкалык реалити-шоунун жылдызы, Твиттерде 47 миллион күйөрманы бар Ким Кардашянга окшоштуруп жүргөн пакистандык бул келин да түрлөп түшкөн сүрөттөрүн жана видеолорун интернетке чыгарып, бул адаты үчүн консервативдик көз караштагы пакистандыктардын каарына калып келген.

Ал Твиттерде өзү тууралуу көз каранды эмес жаран экенин баса белгилеп жазганы, “максатыма жетиш үчүн күрөштө мени эч нерсе токтото албайт”, “секелек кыз кезимден азыркы эркин жашоомо чейинки жолум оңой болгон жок”, деген билдирүүлөрү өтө чоң талкуу жараткан.

Балочтун иниси
Балочтун иниси

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун негизги максаты – “үй-бүлөнүн ар-намысына шек келтирди” деп кыз-келиндерди өмүрүнөн ажыраткан канкорлорду кечирип же жазадан таптакыр куткарып калуучу жолдорго бөгөт коюу.

Пакистандын Адам укуктары боюнча комиссиясынын расмий маалыматына караганда, былтыр, 2015-жылы дал ушундай шылтоо менен өлкөдөгү 1100дөй кыз-келин өмүрүнөн ажыраган.

Твиттердеги акыркы жазууларынын биринде Кандел Балоч пакистандык аялдарды өз укугун коргоодо бирдиктүү күч болууга үндөгөн. Ал эми өлөрүнөн бир нече күн мурда ал өлкөдөгү белгилүү диниятчылардын бири менен чылым чегип турган сүрөттөрүн жарыялаган.

26 жаштагы Балочтун азан чакырып коюлган аты Фузия Азим болчу. Анын сөөгү Мултан шаарында, өз үйүндө табылган. Бир тууган иниси, 25 жаштагы Мухаммад Азим полицияга баарын болгонун болгондой айтып берип, кылмышты моюнуна алган. Мындай кадамга барганына эч өкүнбөй турганын, эжеси сүрөттөрүн интернетке чыгарып, үй-бүлөсүн шерменде кылганын, ошондуктан өлтүргөнүн айткан.

Каргашалуу окуядан кийин Кандел Балочтун атасы эки уулун айыптап полицияга арыз жазды. Ал кызы бүтүндөй үй-бүлөнү, анын ичинде эжесин өлтүргөн уулун да багып келгенин билдирди.

Пакистанда мындай кылмыштарды алдын алууга багытталган жаңы мыйзам долбоору айрым динчил-консервативдүү депутаттардын каршылыгына кабылышы ыктымал экени, бирок акыр-аягы көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, кабыл алынары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG