Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

"Роснефть” Күрт автономиясы менен мунай келишимине кол койду


Орусиянын “Роснефть” мамлекеттик компаниясы Ирактын Күрт автономиясы менен мунай кенин иштетүү боюнча ири келишимге кол койгонун билдирди.

Маалыматка караганда беш жерде мунай өндүргөн долбоордогу 80 процент үлүш үчүн орусиялыктар 400 миллион доллар төлөшмөкчү. "Роснефть" ошол кендердеги мунайдын запасы 670 миллион баррелге жетет деп болжолдойт.

Тараптар геологиялык чалгындоо жана мунай өндүрүү программасы 2018-жылы башталарын макулдашты.

25-сентябрда Күрт автономиясы көз карандысыздыкты колдоп добуш берген, бирок Багдад референдумду мыйзамсыз деп атап жатат.

Ал эми 16-17-октбярь күндөрү Ирак аскерлери 2014-жылдан бери күрттөрдүн колунда болуп келаткан мунайга бай Киркук шаарын кайтарып алышкан. Автономияга кирбеген шаарды Багдад менен күрт бийликтери талашууда. Орусия президенти Владимир Путин Москва бул жаңжалда бейтарап каларын билдирген.

XS
SM
MD
LG