Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Укук коргоочулар: майып бала баккан энелердин түйшүгү бааланууга тийиш


Бишкекте майыптардын жана алардын ата-энелеринин жүрүшү. 8-сентябрь
Бишкекте майыптардын жана алардын ата-энелеринин жүрүшү. 8-сентябрь

Бишкектеги “Балдарды коргоо борбору” бейөкмөт уюму, Балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо ассоциациясы өкмөттү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын апаларына, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын чоң эне, чоң аталарына да көңүл бурууга чакырды.

Бул тууралуу уюмдун өкмөт башчы Сапар Исаковго жана ушул тармакка тиешелүү министрликтердин башчыларына жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Катта белгиленгендей, майып балдарды караган энелер, карыган кезде неберелерин баккан чоң ата, чоң энелер да формалдуу эмес социалдык кызматкер болуп саналат жана алар дагы көңүл бурууга, колдоого муктаж.

“Бирок социалдык кызматкерлердин күнүндө аларды эч ким куттуктабайт жана альтернативдүү интернаттардан жардам алышпайт. Азыр иштеп жаткан система интернаттык мекемелерди гана каржылап, ошолорго гана жардам жардам берип жатат” деп жазылган кайрылууда.

Эки уюм тараткан билдирүүдө өкмөттүн “Таза коом” жана “40 кадам” программаларында аялуу катмардагы жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү киргизилгени жакшы көрүнүш экени белгиленет. Ошол эле мезгилде өкмөттүн өз программасын аткарууга каалоосу болбой жатканы жана бул жаатта аракет пассивдүү жүрүп жатканы сынга алынат.

19-октябрь социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Бишкекте жана аймактарда жетекчилер социалдык кызматкерлерди куттуктап жатат.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияга кетип туугандарынын колунда багылып жаткан 55 миңдей бала бар экени айтылат. Ал эми майып балдардын саны өлкөдө 30 миңге чукулдайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG