Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:08

Испания өкмөтү Каталонияга түз башкаруу киргизүүнү карайт


Премьер-министр Мариано Рахой.

Испания өкмөтү 21-октябрда чукул жыйынга чогулуп Каталониянын автономиясын убактылуу токтотуу процедурасын карайт. Премьер-министр Мариано Рахойдун кеңсеси бүгүн жасаган билдирүүдө жыйында аймакта Мадриддин түз башкаруусун киргизүүнү караган Испания конституциясынын тиешелүү беренесин колдонуу маселеси каралаары айтылат. Каталония бийлиги мыйзамда каралган милдеттенмелерин аткарбаса, министрлер кабинети керектүү чараларды иштеп чыгып, Сенатка сунуш кылмакчы. 19-октябрда автономиянын көз карандысыздык мүдөөсүнөн баш тартуусуна борбордук өкмөт берген мөөнөт соңуна чыкты.

Каталониянын лидери Карлес Пучдемон Мадрид кысымын уланта берсе, регионалдык парламент Испаниядан бөлүнүүгө добуш берет деп эскертти.

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумдан кийин Пучдемон эгемендик декларациясына кол койгон, бирок анын күчкө кирүүсүн токтото туруу керек деп, борбордук өкмөт менен сүйлөшүүгө үндөгөн. Добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган.

XS
SM
MD
LG