Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Кандагарда аскерий базага кол салуудан 43 аскер мерт болду


Коопсуздук кызматкери адамдарды текшерүүдө. 19-октябрь, 2017-жыл
Коопсуздук кызматкери адамдарды текшерүүдө. 19-октябрь, 2017-жыл

Ооганстандын Коргоо министрлиги Кандагар чөлкөмүндө талиптер аскерий лагерге чабуул коюп, андан аз дегенде 43 жоокер набыт кеткенин, 10 чактысы жарадар болгонун билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Давлат Вазери "Азаттык" радиосунун ооган кызматына айтып бергендей, алты аскер дайынсыз болууда.

Жергиликтүү коопсуздук өкүлдөрү жанкечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жибергенден кийин куралчан согушкерлер базага кирип барууга аракеттенген деп маалымдашты. Бирок аскерлерге кошумча күч жардамга келип, талиптер ал жайды өз колуна алышкан жок. "Талибан" чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

2014-жылы НАТОнун көпчүлүк контингенти Ооганстандан чыгарылгандан бери өкмөттүк армия жана полицияга кол салуу көбөйдү. Эки күн мурда эле ушундай кош чабуулдан кеминде 80 киши каза тапкан, 300гө чукулу жараланган.

XS
SM
MD
LG