Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Грузиялык футболчу Каладзе баш калаанын мэри болууну каалайт


Каха Каладзе
Каха Каладзе

Грузиялык белгилүү футболчу Каха Каладзе Тбилисинин мэрлиги үчүн ат салышат.

Италиянын "Милан" клубунун мурдагы оюнчусу 39 жаштагы Каладзе эки ирет Чемпиондор Лигасын жеңген. Анын айтымында, спортто жүргөндө командалык духту жакшы үйрөнүп, жакшы тажрыйба топтогон.

Каладзе 2012-жылы чоң футболдон кеткенден бери Грузиянын энергетика министри, вице-премьер-министр кызматын ээлеп келген. Бийликтеги "Грузия кыялы" партиясынан ат салышып жаткан футболчу сурамжылоолорго караганда 21-октябрдагы шайлоодо жеңет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG