Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

АКШда Садык Шер-Нияз негиздеген Азия фильмдеринин фестивалы өтөт


Буга чейинки фестиваль жана анын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз.
Буга чейинки фестиваль жана анын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз.

АКШнын Лос-Анджелес шаарында 25-октябрдан 2-ноябрга чейин продюсер жана кинорежиссер Садык Шер-Нияз негиздеген Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалы өтөт. Бул тууралуу Садык Шер-Нияз өзү 19-октябрда Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Англисче Аsian World Film Festival (AWFF) деп аталган фестиваль Азия өлкөлөрүндөгү мыкты фильмдерди эл аралык аренага алып чыгуу, оошондой эле Азия жана Голливуд кино өндүрүшүнүн өкүлдөрүнүн кызматташуусун арттыруу максатын көздөйт. Фестивалда Түркиядан Жапонияга чейинки, Орусиядан Индияга чейинки 50 өлкөнүн фильмдери көрсөтүлөт. Фестивалда Оскар жана Алтын Глобус сыйлыктарына көрсөтүлгөн кинолор да тартууланат.

Кинофестивалдын калыстар тобунун курамында белгилүү кино ишмерлери, Оскар сыйлыгынын ээлери Дэвид Сайдлер, Бобби Мореско, Владимир Меньшов, Жан-Марк Валле, ошондой эле Люси Лью, Стивен Сигал, Филипп Мартинез жана башкалар бар. Бул фестиваль быйыл үчүнчү жолу өтүүдө, биринчиси 2015-жылы болгон. Фестивалдын статуеткасы илбирс, анын автору кыргызстандык скульптор Нурлан Кебек уулу.

Лос-Анджелестеги кинофестивалдын алкагында Кыргыз кино күндөрү да өтөт. Анда кыргызстандык кинорежиссерлор Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай”, Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия” жана башка фильмдери коюлат. (ErN)

XS
SM
MD
LG