Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Багдад: "Роснефть" менен күрттөрдүн мунай келишими мыйзамсыз


Багдад бийлиги орусиялык «Роснефть» компаниясы Ирактын Күрт автономиясы менен түзгөн келишимди мыйзамсыз деп атады. Ирактын Мунай министрлиги борбордук өкмөттүн макулдугусуз кол коюлган келишимди сотто талашаарын билдирди. Ал эми "Роснефттин" башчысы Игорь Сечин "Ирак өкмөтү менен күрттөр өз маселелерин өздөрү чечүүгө тийиш, биз болсо мунай өндүрүү менен алектенебиз" деп жооп берди.

Мунун алдында “Роснефть” мамлекеттик компаниясы Ирактын Күрт автономиясы менен мунай кендерин иштетүү боюнча ири келишимге кол койгонун билдирген.

Маалыматка караганда, беш жерде мунай өндүргөн долбоордогу 80 процент үлүш үчүн орусиялыктар 400 миллион доллар төлөшмөкчү. "Роснефть" ошол кендердеги мунайдын запасы 670 миллион баррелге жетет деп болжолдойт.

Тараптар геологиялык чалгындоо жана мунай өндүрүү программасы 2018-жылы башталаарын макулдашты.

25-сентябрда Күрт автономиясы көз карандысыздыкты колдоп добуш берген, бирок Багдад референдумду мыйзамсыз деп атоодо.

Ал эми 16-17-октбярь күндөрү Ирак аскерлери 2014-жылдан бери күрттөрдүн колунда болуп келаткан мунайга бай Киркук шаарын кайтарып алышкан. Автономияга кирбеген шаарды Багдад менен күрт бийликтери талашууда.

Орусия президенти Владимир Путин Москва бул жаңжалда бейтарап калаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG