Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 03:21

"Бир дүйнө -Кыргызстан" менен УКМКнын соту уланат


Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда "Бир дүйнө Кыргызстан" менен УКМКнын соту уланат

Быйыл 24-январда Улуттук коопсуздук комитети Ошто "хизбутчу" деп кармалган жарандын үйүнөн өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө-Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылганын, "тергөөдөгү адамды кармоо маалында уюмдун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылганын" маалымдаган пресс-релиз тараткан.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу" деген негизде кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын айткан.

13-февралда "Бир дүйнө-Кыргызстан" жогорудагы пресс-релизде келтирилген маалыматтар уюмдун кадыр-баркына шек келтирерин айтып сотко кайрылган.

Апрель айында башталган сот Коопсуздук кызматынын өкүлү келбей калганынан улам, бир нече жолу жылдырылган.

Укук коргоочулар соттук териштирүүнүн создугушу, УКМК өкүлүнүн келбей калышы сотко карата сыйлабастык экенин айтууда, атайын кызмат бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG