Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Бюллетендердин бардыгы колго эсептелип бүттү


Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрдагы президенттик шайлоонун добуштары колго эсептелип бүткөнүн маалымдады. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна маалымдагандай, учурда аймактык шайлоо комиссияларынан жана чет өлкөдөгү шайлоо участакторунан протоколдордун БШКга келип түшүшү күтүлүүдө.

- Мыйзам боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын протоколдорунун негизинде, аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, протоколдор түзөт. Алардын бардыгы БШКга келип түшөт. Ошолордун негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгат.

Бекматов президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы кийинки жуманын соңуна барып чыга турганын кошумчалады.

15-октябрдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык Сооронбай Жээнбеков 54,74%, Өмүрбек Бабанов 33,7% добушка ээ болду. (SDz)

XS
SM
MD
LG