Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Маевкада үйлөрдү жана машинелерди өрттөгөн адам кармалды


Маевка айылында өрттөлгөн "Фиат" автоунаасы. 17-октябрь, 2017-жыл.
Маевка айылында өрттөлгөн "Фиат" автоунаасы. 17-октябрь, 2017-жыл.

Чүй милициясы 17-октябрда Чүйдүн Маевка айылында бир нече автоунаа жана үйгө өрт койгон адамды кармады. Ал Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ички иштер министрлигинен билдиргендей, шектүү адамды аныктоо үчүн облустук ИИБ жана Аламүдүн райондук милициясы биргелешип иштеп, бир катар тургундардан күбө катары сурак алышкан.

17-октябрга караган түнү орун алган окуядан бир машине толук, экөө жарым-жартылай күйгөн. Бир күркө жана бир батирди өрттөө аракети да болгон.

Учурда кармалган адам убактылуу тергөө абагына камалды, милиция тергөө иштерин улантууда. (SDz)

Маевкадагы түнкү өрт

XS
SM
MD
LG