Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:31

Американын Борбордук Чалгындоо кызматынын (CIA) директору Майк Помпео "Вашингтон Талибан кыймылын ооган бийлиги менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузууну каалайт, бирок Исламабад өз жеринде жоочуларга баш паанек бербөөгө тийиш" деп билдирди.

Бейшембиде АКШдагы аналитикалык борбордо сүйлөгөн кезде "Помпео тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдыруу үчүн талиптерге Ооганстандагы урушту жеңсе болот деген үмүт бербеши керек, буга согушкерлерге Пакистанда баш паанек берилбесе гана жетишсе болот" деди.

АКШ бийликтери Исламабад өз аймагында жүргөн ооган талиптерин жана Хаккани тобунун согушкерлерин көз жаздымда калтырууда деп көптөн бери айыптап келет. Пакистан болсо бул айыптоолорду четке кагууда.

Помпео өткөн аптада барымтадан бошотулган америкалык-канадалык түгөй Пакистанда кармалып келген деген маалымат бар деди. Аларды 2012-жылы Хакканинин согушкерлери уурдап кетишкен.

XS
SM
MD
LG