Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

АКШда интернеттеги саясий реклама тууралуу жобо иштелип чыкты


АКШлык үч сенатор социалдык трамактардагы саясий рекламанын жаңы эрежелерин сунушташты. «Таза реклама жөнүндөгү мыйзамда» популярдуу интернет порталдары телеканалдар, радио жана гезиттер сыңары реклама берүүчүлөр тууралуу маалыматты берип турууга тийиш деп айтылат.

Долбоор өткөн жылкы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн Орусия интернетте анонимдүү реклама пайдаланган деген шектенүүлөрдөн улам иштелип чыккан.

Документ демократтар Марк Уорнер, Эми Клобушар жана республикачыл Жон Маккейн тарабынан даярдалган.

Клобушардын айтымында, Орусия согуш жүргүзүүнүн салттуу эмес ыкмаларын колдонуу менен АКШнын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.

Буга чейин АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Орусиянын америкалык шайлоого кийлигишүүсүн «согуш жүргүзүүгө» салыштырган.

Президент Дональд Трамп Орусия 2016-жылкы шайлоого кийлигишкен деген америкалык чалгындоо кызматтарынын пикирине күмөн саноосун билдирген.

XS
SM
MD
LG