Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Ак-Сууда уйдан кутурма чыкты


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл аймагынын Тасма жайытындагы уйдан кутурма оорусу чыгып, айылда карантин жарыяланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыктын башчысынын орун басары Алмазбек Шакеев билдирди. Анын айтымында 10-октябрда Тасма жайытынан кутурма бар деп шектелген уйду ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери союп, уйдун башы Караколдогу лабораторияга жеткирилген, ал эми өзү жерге көмүлгөн.

11-октябрда экспертиза чыгып, уй кутурма менен ооруганы аныкталган. Ошол күндөн бери Отрадное айыл өкмөтүндө карантин жарыяланып, уйду сойгон эки мал доктур жана малдын ээси, малчысы ооруканага жаткырылган. Андан сырткары ошол эле кашарлардан короого кирген кашкулакты союп жеген эки адам да ооруканага жаткырылган.

Уйга кутурма ылаңы эмнеден жукканы азырынча аныктала элек. Буга чейин кутурма Ак-Суу районундагы Каракол, Ак-Чий жана Ак-Булак айылдарында катталган.

Жергиликтүү мал доктурлар акыркы учурда кутурма ылаңы негизинен карышкыр жана түлкүдөн жугуп жатканын айтышууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG