Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Мэй: Британия биримдиктен чыгуу боюнча милдеттенмелерин аткарат


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондон Евробиримдиктен чыгууга байланышкан бардык милдеттенмелерин аткарат деп билдирди.

Мэй бүгүн Евробиримдиктин жетекчилиги жана Германия, Франциянын лидерлери менен жолугушту. Бирок премьер-министр Британия 60 миллион евро төлөөгө макул болуп-болбогонун айткан жок.

Мэйдин айтымында, Британияда жашаган биримдик жарандарынын укуктары жана Ирландия жумурияты менен Түндүк Ирландия ортосундагы чек ара боюнча мунаса табыла элек.

- Бир нече жума мурун Флоренциядагы жыйында Евробиримдик менен Британиянын болочок өнөктөштүгү боюнча көз карашымды билдиргем. Бул багытта алдыда прогресске жетишебиз деп ишенем.

Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск шаркет лидерлери сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабын талкуулап жатышканын айтты.

Брексит боюнча сүйлөшүүлөр 2019-жылдын мартына чейин аякташы керек. Бирок акыркы кездерде Мэйди так позициясы жок деп сындашууда. Мунун айынан тараптар базалык макулдашууларга келе албай жатышат.

XS
SM
MD
LG