Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Бермет Исаева атасы менен көрүшүүгө уруксат берилбей жатканын айтты


Канатбек Исаев үй-бүлөсү менен. Сүрөт Бермет Исаеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Канатбек Исаев үй-бүлөсү менен. Сүрөт Бермет Исаеванын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынган парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин жакындары аны менен учурашууга уруксат берилбей жатканын айтып чыгышты. Депутаттын кызы Бермет Исаева 21-октябрда "Азаттык" радиосуна иниси экөө чет мамлекетке окуусуна байланыштуу кетип жаткандыктан соттон атасы менен жолугушууга уруксат алганын, бирок ага кире албай коюшканын билдирди. Маалыматка караганда, "бүгүн дем алыш" деген жүйө менен УКМК Исаевдин баласы менен кызына атасына кирүүгө уруксат берген эмес.

- Дүйшөмбү күнү соттон кайрадан, башка уруксат менен келүүбүз керектигин айтышты, - деди Бермет Исаева.

УКМК Исаеванын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

30-сентябрда интернеттеги Youtube порталында Канатбек Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдап жатканы тууралуу үч видео тасма тараган. Анын биринде Канатбек Исаевге окшош адам видео тасма тартып жаткан белгисиз жаранга 5 миң сомдуктардан куралган ири суммада акча берип жатканы көрүнөт. Ошол күнү эле УКМК эл өл өкүлүн “бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурмак" деген шек менен кармаган. 2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаевди тергөө бүткөнчө камакта кармоо чечимин чыгарган.

Аны менен менен кошо салык кызматкери Рамис Жунусалиев жана Сокулук районундагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Деңиз Раимкулов кармалып, соттун чечими менен эки айга камалган.

Канатбек Исаев жана анын жакындары, адвокаттары муну саясий куугунтук деп атап келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG