Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Украиналык журналист Роман Сущенконун ишин тергөө аяктады


Роман Сущенко.
Роман Сущенко.

Орусиянын бийлиги тыңчылыкка айыптаган украиналык журналист Роман Сущенкого козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу журналисттин адвокаты Марк Фейгин билдирди. Анын айтымында, ноябрдын аягына чейин иштин материалдары прокуратурага жиберилет. Кийинки жылдын башында иш Москва шаардык сотуна өтөт. Ишке мамлекеттик жашыруун сыр деген белги коюлгандыктан, соттук териштирүү жабык өтөрү айтылды.

Сущенко "Укринформ" агенттигинин Франциядагы кабарчысы болуп иштеген. Бир жыл мурун Москвага жеке сапар менен келгенде кармалып, кийинчерээк тыңчылыкка айыпталган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Сущенко Украинанын Коргоо министрлигинин кызматкери экенин, Москвада Улуттук гвардиянын иши тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн билдирген. Киев бул айыптарды четке каккан, журналист да өзүнө тагылган кинелерге макул эместигин айтып келет.

XS
SM
MD
LG