Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Мюнхенде белгисиз киши бычак менен элге кол салды


Архив.
Архив.

Мюнхенде белгисиз адам көчөдөгү элге бычак менен кол салды. Бул тууралуу шаардын полициясы кабарлады.

Reuters агенттиги кол салуудан беш адам жабыркаганын, алардын өмүрүнө коркунуч жоктугун билдирди.

Кол салган адамдын жашы 40та экени белгилүү болду. Окуя шаардын чыгыш районунда орун алган. Полиция бул райондун жашоочуларын үйдөн чыкпоого, этият болууга чакырды.

Кийинчерээк укук коргоо органдары шектүүгө окшош киши кармалды деп жарыялашты. Бирок анын чыныгы кылмышкер экени так эмес. Кол салуунун себептери айтыла элек.

XS
SM
MD
LG