Бүгүн Бишкектин Асанбай кичи районундагы (түштүк магистралдын жээгинде жайгашкан) эс алуу багында жайгашкан "Ганбей" кафесинде өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучуларга өрт тууралуу маалымат саат 10:30дар чамасында түшкөнүн билдирди.
Өрт өчүрүүчүлөр тартылып, тилсиз жоону өчүрүү аракети көрүлүүдө. Ага эмне себеп болгону жана канча зыян келтирилгени азырынча белгисиз.