Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Бакуга сапар тарткан учак техникалык себептерден улам Астанага кайра конду


Астанадагы Нурсултан Назарбаев атындагы аэропорт.
Астанадагы Нурсултан Назарбаев атындагы аэропорт.

Казакстандын борбору Астана шаарынан 21-октябрда Бакуга учуп кеткен учак навигациялык жабдыктагы мүчүлүштүккө байланыштуу кайра аэропортко конду. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитетине шилтеме берүү менен tengrinews.kz сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, авиалайнер түнкү саат 22:56да конгон. Анын бортунда 90 жүргүнчү бар болчу.

Казакстандык учактарда мындай учурлар буга чейин да катталган. 21-октябрда техникалык себептерден улам Air Astana компаниясынын учагы Дубайдан келе албай жатканы ачыкка чыккан. Аталган компания учакты оңдоого инженер жиберген.

XS
SM
MD
LG