Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө департаменти маалымдагандай, күз-кыш мезгилинде өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйүп жатат.

Быйыл октябрдан бери курч кармаган вирустук инфекцияларга байланышкан ооруларга чалдыккандар көбөйгөн.

Маалыматка караганда, октябрда Ошто бул инфекция менен 363 киши, Бишкекте 2140 учур катталган. Өткөн жылдагыдай эле быйыл да декабрь айында илдет күчөшү мүмкүн. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу.

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы "Гриппол плюс" вакцинасынын 84 642 дозасын сатып алганын кабарлады. Вакцина медициналык кызматкерлерге, өнөкөт дарттардан жабыркагандарга, балдар үйлөрүнүн көп ооруган тарбиялануучуларына, жатак мектептерге, кош бойлууларга акысыз берилет.

Азыр вакцина аймактарга таратылып, эмдөө жүрүп жатат. Айдын этегине чейин дагы 105 миң доза сатып алынат. Каалоочулар сасык тумоого каршы акы төлөп эмдөө алса болот. Бир вакцинанын баасы 450-650 сом турат. (NT)

XS
SM
MD
LG