Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Берлинде расизмге каршы акцияга он миңдей адам чыкты


Уюштуруучулардын айтымында, демонстрацияга он миңдей адам катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, демонстрацияга он миңдей адам катышты.

Жекшембиде Германиянын баш калаасы Берлинде расизмге каршы ири демонстрация өттү. Уюштуруучулардын айтымында, ага он миңдей киши катышты.

Алар Германияга кара көө жапкан тарыхтын кайталанбашын каалашарын айтышып, колдоруна да ошондой маанидеги сөздөр жазылган кагаздарды көтөрүп турушту.

Демонстрациянын уюштуруучусу Германияда өскөн түркиялык күрт, 32 жаштагы Али Чен бул акция жакында эле парламентке келген улутчулдардын "Германия үчүн альтернатива" партиясына түздөн-түз каршы болбосо да, алардын парламент трибунасынан келечекте айтыла турган улутчул чакырыктарына каршы экенин билдирди.

Сентябрда өткөн шайлоодо аталган партия биринчи жолу парламенттеги токсондон ашык орунга ээ болгон. Бул кыймыл өзүнүн расистик, мигранттарга каршы чакырыктары менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG