Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Журналист Али Феруз Сахаров атындагы сыйлыкка татыды


"Новая газета" басылмасынын журналисти Али Феруз (Худоберди Нурматов) . Влад Докшиндин сүрөтү, "Новая газета".
"Новая газета" басылмасынын журналисти Али Феруз (Худоберди Нурматов) . Влад Докшиндин сүрөтү, "Новая газета".

Орусиялык "Новая газета" басылмасынын журналисти, бир нече айдан бери Москвадагы убактылуу кармоочу жайда жаткан Али Феруз академик Андрей Сахаров атындагы "Эрдик үчүн" ордени менен сыйланды. Сыйлыктын негиздөөчүлөрү бул тууралуу "Фейсбук" социалдык тармагындагы баракчасына жазышты. Алардын айтымында, Феруз башына кыйынчылык түшүп турганда да "жүзүндөгү жылмаюусун, ачык көз карашын" жоготкон жок.

"Али Феруз" деген лакап ат менен таанымал Худоберди Нурматов Өзбекстандын жараны. Бир нече жылдан бери ал Орусияда иштеп, качкын макамын алууга документтерин тапшырып келген. Орусиянын Ички иштер министрлиги ал мекенинде өмүрүнө коркунуч келтирилгени тууралуу далилдерди көрсөтө алган жок деген жүйө менен ага башпаанек берүүдөн баш тарткан.

Анткен менен укук коргоочулар, журналисттер жана Феруздун туугандары ал Өзбекстанда кыйноого кабылып, абакка камалышы мүмкүндүгүн, атургай өмүрүнө да коркунуч жаралышы ыктымалдыгын айтышууда.

Ушул жылдын август айынын башында Али Феруз миграциялык мыйзамдарды бузду деген кине менен Москвада кармалган. Кийин Орусиянын доо арыздарды караган соту аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. Маалымат каражаттары кабарлагандай, журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, анын депортациялоо токтотулат. Учурда Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында кармалууда.

XS
SM
MD
LG