Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:59

Ферузду Өзбекстанга депортациялоо токтотулду


Журналист Али Феруз.
Журналист Али Феруз.

Орусиянын доо арыздарды караган соту журналист Али Ферузду Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтотту. Маалымат каражаттары кабарлагандай, журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, анын депортация жүрүмү токтотула турат. Ага чейин Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында болот.

Али Феруз деген ысым менен таанымал «Новая Газета» басылмасынын журналисти Худойберди Нурматовдун арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча токтотулат. Мындай чечимди Москва шаардык сотунун судьясы Ольга Панкова кабыл алды.

- Соттук териштирүү бүткүчө Нурматовду Өзбекстанга чыгарууга тыюу салуу боюнча 2017-жылдын 4-августунда Адам укуктары боюнча Европа соту кабыл алган чечимдин негизинде буга чейинки Басманный райондук соту чыгарган өкүмдү токтото туруу керек, - деди ал 8-августта өткөн сот процессинде.

Буга чейин 1-августта Москванын Басманный райондук соту журналистке Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузду деген кине тагып, Өзбекстанга кайтарылсын деген чечим чыгарган.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары, Феруздун кесиптештери жана адвокаты журналистти Өзбекстанга кайтарбоону өтүнүшкөн. Алардын айтымында, Өзбекстанда Феруз кыйноого кабылып, абакка камалышы мүмкүн, атургай өмүрүнө да коркунуч жаралышы ыктымал.

Себеби, буга чейин Феруз өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан уурдалып, кыйноолорго дуушар болгон. 8-августта чыгарылган чечимди журналисттин адвокаты Даниил Хаймович жактырды:

- Бактыга жараша бул чечим Нурматов мырзаны Өзбекстанга депортация болбойт дегенди билдирет. Албетте бул жакшы.

2012-жылы Али Феруздун паспорту уурдалган. Аны калыбына келтирүү үчүн мекенине кайта албайт. Феруз Орусияда 1-августта кармалган. Өзүнүн айтымында, аны жөн гана документтерин текшерүү үчүн токтотушкан.

Феруз өзүнүн пресс-картасын көрсөткөнүнө карабай аны Басманный райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Ошол эле күнү кечинде райондук сот журналистке беш миң рубль көлөмүндө айып пул салып, Орусиядан депортациялансын деген чечим чыгарган.

Ферузду дароо камакка алышып, Москвадан алыс эмес Сахарово айылындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жеткиришкен. Соттук жыйындан кийин Феруз кан тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Феруздун кесиптештери аны колдоо кампаниясын башташты. “Новая газета” Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жолдогон. Өлкө башчысына гезит аркылуу Феруздун энеси Зоя Нурматова да кайрылган.

Али Феруз Орусияга 2009-жылы келген. Ал Өзбекстандын жараны болгону менен Орусиянын Алтай аймагында чоңойгон. Апасы Орусиянын жараны. Тоолуу Алтайда мектепти аяктаган соң ал Өзбекстанга кеткен.

2016-жылдан баштап “Новая газета” басылмасында иштей баштаган. Кесиптештеринин айымында, Орусияга кайтып келишине анын Өзбекстандагы атайын кызматтардын кыйнап, кызматташууга мажбурлашканы түрткү болгон.

Феруз Орусиянын жарандыгын алууну суранып, тиешелүү тараптарга документтерин тапшырган. 2016-жылдын соңунда орус бийлиги ага жарандык берүүдөн баш тарткан. 2017-жылдын май айында да ал экинчи ирет жарандык боюнча оң жооп алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG