Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Словенияда президенттик шайлоо өттү


Словениянын президенти Борут Пахор.
Словениянын президенти Борут Пахор.

Словенияда өткөн шайлоодо президенттикке тогуз талапкер ат салышты. Алардын бешөө аял. Талапкерлердин арасында азыркы өлкө башчысы Борут Пахор да бар. Бул өлкөдө президент аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ эмес, бирок премьер-министрдин талапкерлигин сунуштай алат. Алдын ала сурамжылоолорго караганда, азыркы президент, 53 жаштагы Пахор алдыга чыгышы ыктымал.

Өлкө башчысы социалдык тармактарга көп видео жана сүрөт жүктөгөндүктөн аны "Инстаграм падышасы" деп атап коюшат. Пахордун бул жолку программасында экономикалык көйгөйлөрдү жана коңшу Хорватия менен болгон чек ара жаңжалдарын чечүү каралган.

Анын бул шайлоодогу башкы атаандашы мурдагы куудул, Камник шаарынын мэри Марьян Шарец болду.

Словениянын калкы 2 миллиондон бир аз ашат. Өлкө Евробиримдикке мүчө жана АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын кичи мекени.

XS
SM
MD
LG