Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

Киевде каршылык акциясына чыккандар полиция менен кагылышты


Жогорку Раданын жанындагы чатыр шаарчасы. Киев, 20-октябрь, 2017-жыл.
Жогорку Раданын жанындагы чатыр шаарчасы. Киев, 20-октябрь, 2017-жыл.

Нааразы тарап Жогорку Раданын алдына чыгып, президент Петро Порошенкодон импичмент жөнүндө мыйзам долбоорун парламентке киргизүүнү талап кылышты.

Жекшембидеги митингке миңге чукул адам келген, ошондой эле Грузиянын экс-президенти жана Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили да катышты. Аларга Жогорку Раданын имаратынын жанында чатыр тигип жашап жатышкан активисттер да кошулду.

"Украин чындыгы" басылмасы жазып чыккандай, активисттердин радиожабдыктарды сахнага алып чыгуусуна тыюу салынып, мунун айынан полиция менен тирешүү болду.

Буга чейин Саакашвили 70 күн ичинде "Украинаны сактап калуу планын" жарыялаган. Анда негизинен Украинанын Коопсуздук кызматы менен Улуттук гвардияны таратуу сунушу бар. Саясий реформаларды талап кылган акциялар 17-октябрда башталып, бир жумага созулду.

Митингке чыккандар депутаттар менен президенттин ишине нааразылык билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG