Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

"Ак тилек" бекетинде 300дөн ашуун жүк ташуучу автоунаа өткөрүлө элек 


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун жүк ташуучу автоунаа турат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, жекшембиде казак тарап бир саат аралыгында алты машинеден өткөрүп турган. Оор жүк ташыган айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев болсо жөө жүргүнчүлөр жана жеңил машинелердин чек арадан өтүүсү жеңилдегенин, бирок оор жүк ташуучу автоунааларга дале кыйын болуп жатканын маалымдады.

Кечээ Чек ара кызматы "Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде казак тарап 10-15 мүнөттө 20-25 кишини, 10дой машинени өткөрүп жатканын кабарлаган. Айрым убактарда бекетте 100гө жакын адам жана 40тай автоунаа топтолуп калууда.

Ал эми "Чоң-Капка", "Чалдыбар" бекеттеринде автоунаа жана киши тыгыны жок.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол", "Ак тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган. Казак тарап муну Кыргызстандагы шайлоо менен байланыштырган.

Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан. Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG